Бардык иштин башаты бар

 

Биринчи МикроФинансылык Компания (Биринчи МФК) өз ишин 2003-жылы алыскы Алай жана Чоң-Алай аймактарында, Ага Хан программасынын Микрофинансылык долбоорунун алкагында баштаган. 
2008-жылы Ош облусунда болуп өткөн жер титирөө олуттуу сыноолордун бири болуп калды. Ошол кырдаалда Биринчи МФК мындай улуттук кайгыда ыкчам аракет кылып, жабыр тарткандарга пайдалуу шарттарда мөөнөттүү кредиттерди сунуш кылды. 2010-жылы абдан катаал кырдаал болгону белгилүү. Өлкө дагы бир оор сыноого – граждандык баш аламандыкка дуушар болгондо да Биринчи МФК четте карап турган жок. Ошол убакта жабырлануучуларга абдан зарыл болуп турган жаңы продукт – өзгөчө кырдаалдарда бериле турган кредиттерди пайда кылды. Компания турмуштун катаал капшабына кабылган өз жердештерине колдоо көрсөтө алгандыгы менен сыймыктанат. 
2006-жылдын октябрь айында бул программа республиканын ар кайсы жерлеринде иштей баштаган жана расмий түрдө микрокредиттик компания катары катталган. 

Бардыгы сиздин бакубатчылык үчүн


Компаниянын продуктулук линиясы жыл өткөн сайын кеңейе берди. Ал майда жана орто бизнести өнүктүрүү, ошондой эле турмуш-тиричилик шарттарынын сапатын арттыруу боюнча кредиттерге негизги көңүлүн бурду. Биринчи МФК бир нече банктар менен кызматташып, алар менен биргеликте социалдык жактан абдан зор мааниге ээ болгон долбоорду -  аялдар үчүн кредиттик линияны ишке ашырып келет. Мындан тышкары, Биринчи МФК жакында KyrSEFFке кошулуп, мындан ары биздин ишибиздин дагы бир жаңы багыты – үйлөрдүн энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча гранттарды берүү пайда болду. Социалдык чөйрө менен бирге экологиялык аспект да Биринчи МФК ишмердүүлүгүндө маанилүү иштердин бири болуп эсептелет.
2017-жылдын 20-августунда микрокредиттик Компания финансылык Компанияга трансформацияланды. Бул болсо анын кардарларга абдан кеңири спектрдеги продуктулар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуусуна жол ачты. Ошол эле учурда биздин кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн, жөнөкөйлөтүлгөн процедура менен кредиттерди берүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Анткени кардарларыбыздын керектөөлөрү менен ой-тилектери биз үчүн ар дайым биринчи орунда!   

 

Жогору