«Balance.kg» капчыгы аркылуу насыяны кантип төлөсө болот?

«Balance.kg» капчыгы аркылуу насыяны кантип төлөсө болот?

Заманбап технологиялар адамдардын жашоосун жеңилдетип жана кандай гана жерде, каалаган убакта болбосун, күнүмдүк иштерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми азыркы учурда бул абдан туура чечим болуп да саналат!

Сиздер менен «Balance.kg» мобилдик капчыгы аркылуу насыяны төлөө боюнча толук нускама менен бөлүшөбүз:

1️⃣ Play Market/Apple Store тиркемелер дүкөндөрүнөн тиркемени жүктөп алгыла;
2️⃣ Капчыкты каалаган төлөм терминалы аркылуу толуктаңыз;
3️⃣ «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз ➡️ «Кызматтар» ➡️ «Финансы» ➡️ «Биринчи МФК»;
4️⃣ Өзүңүздүн насыяңызды тандаңыз: Биринчи МФК Ыкчам же Биринчи МФК (кадимки насыя);
5️⃣ Өзүңүздүн кардар номуруңузду – карыз алуучунун кодун (Насыя келишиминин насыяны төлөө графигинде көрсөтүлгөн жети сандан турган номур) терип киргизиңиз;
6️⃣ Төлөп жабуу үчүн сумманы терип киргизиңиз, андан арыны басыңыз.

Маанилүү: Иш күнү 16:00гө чейин терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу толуктоолор жана насыяны төлөп жабуулар учурдагы күн менен кошулуп эсептелинет. Иш күнү 16:00дөн кийин толуктоо жана насыя боюнча төлөмдөр кийинки иш күнү менен кошулуп эсептелинет.

Тизмеге Кайтуу
Жогору