«Биринчи МикроФинансылык Компания» ЖАК Айыл чарба соода- инвестициялык форумуна катышууда

 «Биринчи МикроФинансылык Компания» ЖАК Айыл чарба соода- инвестициялык форумуна катышууда

5- жана 6- июнда эл аралык өнүгүү боюнча АКШнын Агентчилиги (USAID) рыноктук байланыштарды жөнгө салууга жардам берүү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн финансылоодогу жаңы ыкмаларды билүү максатында айыл чарбасынын 200гө жакын өндүрүүчүлөрү, ишкерлер, инвесторлор жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү катышкан Айыл чарба соода-инвестициялык форумун өткөрөт.

Форумду ачуу иш-чарасы 5-июнда, шейшемби күнү «Асанбай борборунда» (Бишкек ш., Аалы Токомбаев көч., 21/11) саат 10:00дөн 11:00гө чейин болуп өтүүдө. Форумда айыл чарба азык-түлүктөрүнүн көргөзмөсү, фотогалерея коюлуп жана кыска видеороликтер көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле анын жүрүшүндө Форумдун уюштуруучулары «Биринчи МикроФинансылык Компания» катышуучусу болгон «Агрогоризонт» долбоорунун натыйжалары менен меймандарды тааныштырган тегерек үстөл маектешүүлөрүн, бизнес-жолугушууларды өткөрүп жатат.

«Биринчи МикроФинансылык Компания» ЖАК жана USAIDдин «Агрогоризонт» долбоору аймактарда финансылык тейлөөлөргө инновациялык жеткиликтүүлүктү ишке берип жаткандыгын эсиңиздерге салабыз: долбоор 110 планшеттерди сатып алуу жана «Биринчи МикроФинансылык Компаниянын» кардарларын насыялоо процессин автоматташтыруу боюнча техникалык маселелерди чечүү үчүн грант бөлүп берди.

Насыялоону автоматташтыруу фермерлердин убактыларын жана чыгымдарын үнөмдөө менен бирге, жер-жерлердеги кардарлардын бизнестерин экспресс-баалоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Компаниянын Ош жана Нарын облустарындагы филиалдарында инновацияны ишке киргизүү болуп өттү.

Бул биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун жакшы тажрыйбасы өлкөбүздүн фермерлеринин финансылык тартылуусунун деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болмокчу.

Тизмеге Кайтуу
Жогору