Биринчи МикроФинансылык Компаниянын иши боюнча көп берилчү суроолор

 

Биринчи МикроФинансылык Компаниянын урматтуу кардарлары! Компаниянын тынымсыз байланышына жана офистерине кредит алууга байланышкан суроолор түшүп жатат. Сиздерге ыңгайлуу болуш үчүн биз атайын бөлүм ачып, ага көп берилчү суроолорду жана алардын жоопторун топтодук.

1) Эгер менин башка банкта активдүү кредитим болсо да, мен Биринчи МФКдан кредит алсам болобу?

Жооп: Эгер сиздин кирешеңиз эки кредитти тең бир убакта төлөөгө мүмкүндүк берсе, алсаңыз болот. Сиз башка банкта же финансылык мекемеде да активдүү кредитиңиз болуп, ошол эле учурда бизден да кредит ала аласыз. Бул  боюнча ийне-жибине чейин толук маалымат алуу үчүн, сиз биздин кредиттик адистер менен байланышыңыз. Алар сизге конкреттүү жагдай боюнча кеңеш беришет.

2) Мен кредитти кантип төлөсөм болот?

Жооп: Сиз кредитти Биринчи МФКнын бардык филиалдарына, ошондой эле тиркемени көчүрүп алуу менен Элсом электрондук капчыгы аркылуу, же болбосо *900# мобилдик командасы аркылуу төлөй аласыз. Буларды кантип жасай алаарыңыз тууралуу бул жерден жоболор жыйындысын таба аласыз.  

3) Кредиттин кандай түрүн тандаган жакшы?

Жооп: Бул сиз кредитке алган каражатты кандай максатта колдонууну каалаганыңызга байланыштуу. Биздин сайттагы кредиттик продуктулар деген бөлүмдөн сиз жеткиликтүү кредиттердин тизмеси менен, алуу шарттарын жана бул үчүн зарыл болгон документтерди тактап, ошондой эле бериле турган кредиттин максаты тууралуу таанышып алсаңыз болот. Кошумча суроолор болсо, сиз ар дайым биздин кредиттик адистерге бере аласыз.

4) Менде кепилчи (поручитель) же күрөөгө кое турган мүлк болушу керекпи?

Жооп: Биздин компаниядан сиз кредитти күрөөсү жок да, күрөөсү менен да алсаңыз болот. Булар жөнүндө кредиттик продуктулар бөлүмүнөн кененирээк биле аласыз. Ошол жерде кепилчиге тиешелүү маалымат да берилген.

5) Кредит боюнча төлөмдү ай сайын төлөш керекпи?

Жооп: Биздин көпчүлүк продуктулар үчүн төлөмдөрдү ай сайын төлөп туруш керек. Бирок, булардан тышкары кредит берүүнүн жеңилдик берилген мөөнөтү боюнча да варианттар каралган. Бул убакыт ичинде сиз төлөбөй турсаңыз болот. Адатта жеңилдик берилген мөөнөт бир нече айга созулат. Бул  боюнча дагы толук маалымат алыш үчүн сиз биздин кредиттик адистерге кайрылганыңыз оң. 

6) Биринчи МикроФинансылык Компаниянын лоялдуулук программасына кантип кошулууга болот?

Жооп: Эгерде сиз мурда биздин компаниядан кредит алсаңыз; кредит боюнча төлөмдү убагында төлөп жүрсөңүз; сиздин кредиттин түрү лоялдуулук программасына кошулган болсо, сиз лоялдуулук программасына катышууга укугуңуз бар. Лоялдуулук программасынын шарттары менен сиз бул  жерден (шилтеме) тааныша аласыз.

7) Мен канча убакыт аралыгында кредит ала алам?

Жооп: Сиздин документти кароого алгандан кийин үч күн ичинде кредит ала аласыз. 

8) Мен кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөсөм болобу? Муну качан жасаса болот?

Жооп: Ооба, сиз  мөөнөтүнөн мурда, каалаган учурда кредитти алган мөөнөткө карабай туруп аны төлөп койсоңуз болот.

9) Кредит алуу үчүн кандай документтер керек?

Жооп: Ар кандай продуктулар үчүн документтердин түрдүү топтому керек. Сайттын атайын бөлүмүнөн сиз зарыл болгон документтердин тизмеси менен таанышсаңыз болот. Ошондой эле пайыздык чендер, кепилдик (поручительство), күрөөлөр, төлөө графиги жана башкалар тууралуу билип алсаңыз, пайдасы тиет. Сизде дагы суроолор болсо, биздин кредиттик адистер менен байланыша аласыз.

10) Сиздердин компаниядан кандай максаттар үчүн кредит алууга болот?

Жооп: Биз айыл чарбасынын өнүгүшү, бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн, жашоо шартты жакшыртуу үчүн (автомашина, тиричилик техникасын жана башкаларды сатып алуу), үйдү оңдоп-түзөө жана үй куруу үчүн, ошондой эле башка максаттарга да берилет. Мындан да толук мааыматты сиз бул жерден (шилтеме) таба аласыз.

11) Сиздер кредиттик линия боюнча насыя (заем) бере аласыздарбы? Эгер бере алсаңыздар, анда кредиттик линия кандай шарттарда ачылат?

Жооп: Ооба, биз кредиттик линия боюнча насыяларды 1 000 000 сомго чейин 4 жылдык мөөнөткө чейин беребиз. Кредиттик линия ачуу үчүн кыймылсыз мүлк түрүндө күрөө, ошондой эле үчүнчү жактын кепилдиги зарыл. Ошондой эле бир кредиттик линиянын мөөнөтүнүн жана суммасынын алкагында, параллелдүү түрдө үч кредитти пайдалануу мүмкүндүгү да бар. Дагы толук, терең маалыматтарды биздин  адистерден ала аласыз.

Жогору