Биринчи МФКдан энергияны сактоого багытталган насыялар. KyrSEFF программасы боюнча 20%га чейин гранттар***
Насыя берүүнүн пайдалуу шарттарына ылайык энергоэффективдүү үй куруу – жөн эле кыял эмес, реалдуу көрүнүш.
“Кыялдагы үй” насыясы курулушту пландап жаткан (же курулушту аяктоого), энергияны сактоону жакшыртуу үчүн үйлөрдү/квартираларды кайра курууну көздөгөн физикалык жактарга берилет. Так айтканда:
- Аба алмашуу (вентиляция) системасын жакшыртуу
- Үйлөрдүн чатырына, дубалдарына жана полуна изоляциялык плиталарды орнотуу
- Терезелерди сатып алып орнотуу жана балкондорду/лоджияларды кошумча айнектетүү. Булар үйдө же квартирада кышкысын жылуулукту сактап, жайкысын салкын болушуна өбөлгө түзөт
- Күн нурунан жылыган энергоэффективдүү суу жылыткычтарды орнотуу
- Энергоэффективдүү газ казандарын (котел) орнотуу
- Катуу отун жана биомасса менен иштей турган эффективдүү мештерди орнотуу
- Жылуу аба насосторун орнотуу
- Жылытуу системасын, агып чыккан сууларды тазалоо системасын модернизациялоо жана санитардык шарттарды жакшыртуу, жаан сууларын/агып чыккан чарбалык сууларды жыйноо жабдуусун орнотуу.
Кредиттик шарттар:
- Номиналдуу (жылдык) пайыздык чен: 29%*
- Кассалык тейлөө комиссиясы:1%
- Валюта: сом
- Насыя мөөнөтү: 24 айга чейин
- Насыянын суммасы: 10 000 сомдон 1 000 000 сомго (кошо эсептегенде) чейин
- Жеңилдетилген мөөнөтү: 3 айга чейин
- Камсыздоо: күрөө/же кепилчилик
Кредиттин суммасына жараша күрөө ар кандай болот:
- 200 000 сомго чейинки кредит күрөөгө кыймылдуу мүлк жана кепилдик коюлушун талап кылат
- 200 000 сомдон жогору болгон кредит күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлушун талап кылат
Карыз алуучуга коюлган талаптар:
- Карыз алуучунун жашы 18ден 65ке чейин болуусу;
- Карыз алуучуга катталган жеке турак-жайынын же бизнес имаратынын болуусу зарыл;
- Кредит алуу үчүн зарыл болгон документтер:
- Карыз алуучунун жана анын жубайынын паспортторунун, нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Жашаган жеринен маалымат (справка), үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымат (справка);
- Бизнес жасоо боюнча патенттин көчүрмөсү;
- KyrSEFFтен арыз жазуунун стандарттуу формасы;
- KyrSEFFтин талаптары боюнча, долбоорду каржылоого сарптала турган чыгымдар тууралуу маалымат;
Гранттык төлөмдөр үчүн шарттар:
- KyrSEFF тарабынан берилген формага ылайык, инвестициялык грантка арыз жазуу
- Кредит өз багыты боюнча пайдаланылып жаткандыгын күбөлөндүрүүчү документтер: сатып алган товарлар үчүн чектер, счет фактуралар, чоң көлөмдөгү сатып алуулар жана ушу сыяктуулар үчүн актылар.
*эффективдүү пайыздык чен: 33,19%
**эффективдүү пайыздык чендин өлчөмү кредиттин суммасынан жана аны төлөө графигине түздөн-түз көз каранды. Дагы так маалымат алуу үчүн компаниянын филиалдарына кайрылыңыз.
***гранттык сумманын өлчөмү иш-чаранын эффективдүүлүгүнө жана энергияны сактоого сарпталган суммага көз каранды.
Бардык Убакыт үчүн Төлөмдөрдүн Жалпы Суммасы
Насыя боюнча пайыздык өлчөмү
Жалпы Ай Сайын Төлөм
Насыянын так көрсөткүчтөрү Биринчи МФК тарабынан насыяга арызды карап чыгуудан кийин эсептелинет.